Далее

Эсимде III «Эс тутум өткөөлүндө» конф-сы. Эс тутум жана активизм.

0 Просмотры· 21/11/23
VIDOK
VIDOK
3 Подписчики
3

IV Панель. Эс тутум жана активизм.

Активизм (memory activism) жана эс тутумду изилдөө – бир багытты көздөшөт, жана бул жааттагы ар кандай активисттик демилгелер конференциянын «Эс тутум жана активизм»деген төртүнчү панелинде сунушталды.

_________________________________________________________________________
00:00 - Башталыш

00:36 Асель Мурзакулова, саясий илимдердин кандидаты, Борбор Азия университетинин тоо коомчулуктарын изилдөө Институтунун улук илимий кызматкери (Нарын, Кыргызстан), «НЕМОНОМИФ 5» журналы»
09:45 Олег Карпов, тасмалардын автору жана режиссеру, Туркестан архивинин куратору (Ташкен, Узбекистан), «Туркестандын күнүмдүк фотоархиви»
27:50 Штепан Черноушек, изилдөөчү, публицист; «Мемориал» эл аралык коомунун чех бөлүмүнүн төрагасы (Чехия), «Чехия жана советтик репрессиялар эстеми»
43:29 Серик Бейсембаев, социолог, PaperLab изилдөө борборунун директору (Казакстан)
54:50 Алишер Собиров, Борбордук Азия эл аралык институтунун тарыхый-маданий мурастарды изилдөө жана гуманитардык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин кандидаты. (Өзбекстан), «Оозеки тарых тарыхты изилдөөнүн усулу катары: Өзбекстандын тажрыйбасы»
01:09:00 Данияр Карабаев, оозекти тарых Ассоциациясынын төрагасы (Кыргызстан), «Оозеки тарых усулу Кыргызстанда»
01:29:17 Жазгүл Ибраимова, медиаизилдөөчү (Кыргызстан), «“Эсимде Үркүн” эскерүү туру»
01:54:10 Дискуссия жана суроо-жооп

Модератор: Александра Поливанова, «Мемориал» эл аралык коомунун мүчөсү
_________________________________________________________________________
🔰 «Эсимде» изилдөө жана талкуу аянтчасы Эсимде III «Эс тутум өткөөлүндө» үчүнчү Эл аралык конференциясын 2023-жылдын 17-19-мартында Бишкектеги Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөрдү.

Конференция «12» жана «Эс тутум өткөөлдөрү» деген көргөзмөлөр менен, ошондой эле “Чалбасы кыргыздары. Эсимде” даректүү тасманы көрсөтүү менен коштолду.

📌Үч күн бою 13 өлкөдөн келген 50 спикер – изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер, активисттер доклад жасап, панелдик талкууларга катышышты.

Спикерлер, коноктор жана угуучулар менен бирге биз эс тутум жана деколонизация темасын талкууладык.

🔰 Биз алдыбызга койгон максат — ар башка өлкөлөрдөн, тармактардан, позициялардан чыккан үндөр угулган мейкендик түзүу, жана өткөн чак менен азыркы учур тууралуу коллективдүү талкуу, ой жүгүртүү максатында биригиүү. Үч күн бою, изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер, активисттер өздөрүнүн билдирүүлөрүн жасап, панелдик дискуссияларга катышып жатышты.

_________________________________________________________________________

Биз менен бирге болгоңуздарга рахмат!
Конференциянын башка панелдерин толугуну Эсимде III «Эс тутум өткөөлүндө» ойнотуулар тизмесинен көрөңүз.
__________________________________________________________________________
Сайт: https://esimde.org/archives/3426
Инстаграм: https://instagram.com/esimdekg....?igshid=MzRlODBiNWFl
Фейсбук: https://www.facebook.com/esimdekg
Тик-Ток: @esimdekg
Твиттер: @esimdekg

Подробнее

 0 Комментарии sort   Сортировать по


Далее